Кыргызстан журналисттер коомчулугунун кайрылуусу

  • 2 года мурун

Кыргызстандын медиа коомчулугу журналисттерге байланышкан соңку окуялар боюнча бийликке кайрылуу жолдоду.

Анда журналисттик иликтөөлөрдүн авторлору кылмыш иштеринин объектисине айланып жатканы, укуктук жол-жоболор одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканы, социалдык тармактарда “троллдор фабрикалары” тарабынан журналисттердин дарегине жапырт куугунтук болуп жатканы иликтөөчү журналисттердин артынан аңдып, жеке турмушуна кийлигишип, видео байкоо жүргүзүп жатышканы айтылат.

Кайрылуунун толук мазмуну:

«Биз, Кыргызстандын журналисттери, бүгүнкү күндө демократиялык коомдун принциптеринен жана баалуулуктарынан четтөө өңдүү тынчсыздандырган көрүнүштөр болуп жатканын белгилейбиз: бир катар мыйзамдарды кабыл алуу, көп миллиондогон суммага доо арыздар, жогорку кызмат адамдарынын оозеки коркутуулары, мыйзамсыз кармоолор жана суракка чакыруу аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине туш тараптан жапырт чабуул коюлуп жата

Журналисттик иликтөөлөр күч түзүмдөрүндөгү коррупция менен күрөшүүгө, туруктуу үй-бүлөлүк-кландык схемаларды түзүүгө каршы багытталган, антпесе, бул терс көрүнүштөрдөн өлкөнүн бюджети, экономикасы, акыр аягында Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосу жана бакубаттуулугу жапа чегип жатат. Журналисттердин материалдары коомчулук чындап эмне болуп жатканын билип, түшүнүшү үчүн көмүскөдө болуп жаткан мыйзам бузууларды ачып берет, ал эми укук коргоо органдары ошол мыйзам бузууларга чара көрүү функциясын аткарууга тийиш.

Бирок биз тескери реакцияга күбө болуп жатабыз – иликтөөлөрдүн авторлору кылмыш иштеринин объектисине айланууда, укуктук жол-жоболор одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп жатат, социалдык тармактарда “троллдор фабрикалары” тарабынан журналисттердин дарегине жапырт куугунтук болууда, иликтөөчү журналисттердин артынан аңдып, жеке турмушуна кийлигишип, видео байкоо жүргүзүп жатышат. Бийликтен сурагыбыз келет – силер үчүн кылмышкер жана мыйзам бузуучу деги ким? Мыйзамды бузган кишиби же чындыкты айткан адамбы?

Журналист ар дайым коомчулуктун, элдин кызыкчылыгын көздөйт. Өлкөбүздө элди жумушсуздук, коррупция, саламаттык сактоонун, экономиканын абалы, жарандардын кирешесинин аздыгы, билим берүүнүн сапаты, социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана жеңилдиктер, суунун тартыштыгы, турак жай шарттары тынчсыздандырууда. Булардын баары өкмөткө, элдин алдындагы өз милдеттенмелерин кандай аткарып жатканына тиешелүү маселелер. Журналисттер дал ушул темаларды көтөрүп чыгышат жана бул маселелерди чагылдыргандыктан куугунтуктун бутагына айланышууда.

Бийликти, бир катар аткаминерлердин бийликке жакын тарапташтарын жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге карата социалдык тармактарда жапырт чабуулдарды токтотууга, коомчулуктун көңүлүн журналисттер ачып жаткан көйгөйлөрдөн башка жакка бурбоого, журналисттерди каралап, талкуунун темасын өзгөртүү максатында аларды аңдып, жеке жашоосуна байланыштуу видеолорду туш тарапка жайылтууну токтотууга чакырабыз.

Биз журналисттерге чабуулдардын артында кимдер турганын билебиз, соцтармактардагы “троллдорго” ким ээлик кылып, аларды кимдер башкарып жатканынан да кабардарбыз. Силер бир жолу, эки жолу калп айта аласыңар. Бирок дайыма эле калптын үстүндө жүрө албайсыңар. Ар бир адам алаканга салгандай көрүнүп турчу чакан өлкөбүз бар. Элибиз ким кандай адам болгонун, эмне себептен айрым аткаминерлер олигархтай жашап жатканын абдан жакшы билет. Коомду алдап, журналисттерди коркута албайсыңар.

Биз, журналисттер, аткаминерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринен баштап, карапайым элдин көйгөйлөрүнө чейин болгон нерсенин баарын чагылдыра бермекчибиз. Биз өз милдетибизди аткара беребиз, себеби биз туш тарапта өкүм сүрүп жаткан мыйзамсыздыктан чарчап, айласы кеткен адамдардын акыркы үмүтү болуп саналабыз. Биз мындан ары да кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн жана кыйынчылыктарын жеткире беребиз. Себеби ошондо гана бийлик элди көзгө илип, элдин алдындагы өз милдеттерин эстей баштайт, ошондо гана эл чындыкты билип калат».

“Медиа Полиси Институту” КФ

Журналисттик иликтөөлөр фонду

Эльмира Токтогулова

Kaktus.media

Медианы Өнүктүрүү Борбору

Көз карандысыз журналисттер союзу

GovoriTV

Семетей Аманбеков, Bulak.kg

Марат Токоев, “Журналисттер” КБ

Дмитрий Ложников, Апрель-ТВ

Лейла Саралаева, Новые лица

Дилбар Алимова, ПолитКлиника

«24.kg» маалымат агенттиги

Болот Темиров

TemirовLive редакциясы

Болот Назаров, «Айт Айт десе» каналы

Kloop редакциясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты