Эки миңден ашык адамга Кыргызстандын жарандыгы берилди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 21-январда Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыгынан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктарга ылайык, 2253 адамга (1724ү чоңдор, 529у балдар) Кыргызстандын жарандыгы берилди.

Президенттин басма сөз кызматы билдигендей, алардын басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Жалпысынан атуулдук алуу тууралуу 2497 арыз түшкөн.

Ошол эле учурда 244 киши (198и чоңдор, 46сы балдар) бул өлкөнүн жарандыгынан чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты