Милицияга Asia Mall соода борборунда бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

  • 2 года мурун

Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба коюлду деген маалыматтан улам ичиндеги жарандардын баары сыртка чыгарылып, автоунаа токтотуучу жай бошотулду.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, аталган жайга бомба коюлганы тууралуу маалымат бүгүн саат 15:31де түшкөн.

Чакыруу түшкөн жерге Ленин РИИБинин жана Бишкек ШИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, тинтүү жана текшерүү иштерип жүргүзүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты