Бактыбек Калмаматов үй камагына чыкты

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык соту кабыл алды. Бул тууралуу 24.kg басылмасы саясатчынын адвокаты Айым Камчыбекованын маалыматына таянып жазды.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда «Манас» аэропортунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынган. Улуттук коопсуздук комитети Калмаматовго «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айып тагууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты