Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды

  • 1 месяц мурун

Нурлан Мотуев 1-ноябрда үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ЖМКга билдирди.  

Нурлан Мотуев «расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутту» деген шек менен кармалгандыгы маалым болгон.

Маалыматка ылайык, милиция 16-октябрда соцтармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Нурлан Мотуев өзүнүн Инстаграм баракчасында улуттук азчылыктын өкүлдөрүнө карата терс пикирин билдиргени аныкталган.

Милициянын маалыматында, Мотуевдин видеосу боюнча экспертиза дайындалып, жыйынтыгында видеолордо адамдын улутуна карата кемчилигин пропагандалоонун тилдик белгилери бар экендиги аныкталган. Экспертизага берилген материалдарда улуттар аралык кастыктын тилдик белгилери бар деп айтылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты