БШК Нарматованын дипломуна байланыштуу маселени карайт

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын дипломуна байланыштуу маселени карайт.

Маалыматка ылайык, Боршайкомго аталган ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинен жана Билим берүү министрлигинен маалыматтар келип түштү.

Белгилей кетсек, буга чейин Нарматова дипломуна байланыштуу атайын кызматта сурак берген. Анда эл өкүлүнүн окууга которулушундагы мыйзам бузуу тууралуу маалымат түшкөнү, аны окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгону айтылган.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты болуу үчүн талапкерден жогорку билимин тастыктаган диплом талап кыланат. Эгер дипломдун жасалма экени аныкталса, БШК депутатты мандатынан ажыратууга укуктуу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты