Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев суракта беттештирилет

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Бекназаров Башкы прокуратурада 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу көрсөтмө берип жатат.

Ошондой эле суракка УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев дагы чакырылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Бекназаров менен Дүйшөбаев суракта беттештирилет.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров 17-18-январда дагы 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты