Эдил Байсалов буга чейин санариптештирүү жаатында иш жүрбөй келгенин айтып, мурдагы бийликти сындады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш 19-январдагы отурумунда санириптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин карап жатат.

Имановду депутаттардын алдына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Депутат Дастан Бекешев санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Талант Имановдон алдыдагы пландары тууралуу сураган учурда анын суроосуна өкмөттүн өкүлү Эдил Байсалов жооп берди.

«Буга чейин көп ураан айтылган, баяндамалар жасалган, «40 кадам» жана башка программалар болгон. Бирок биз азыр болсо баарыбыз өнүккөн өлкөлөрдү тим эле коелу, жаныбызда мамлекеттердин алда канча алдыга кеткенин байкап отурабыз. Жогоруда айтылган проблемаларды биз билебиз, баарыбыз аны чечип жатабыз. Сөз эмес, иш жүзүндө чечип жатабыз. Дастан Далабаевич жаңы өкмөткө, жаңы министрге убакыт бериңиз. Көйгөлөр сиз айткандан жүз эсе начар. Биз маселелерди жакынкы убакта чечип, жыйынтыгын көрсөтөбүз».

Сапариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Талант Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан. Ал буга чейин “Дастан” заводунда, «Газпром Нефть Азия» ишканасында эмгектенген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты