COVID-19: вирус 870 адамдан аныкталып, эки бейтап көз жумду
- 3 года мурун
19-январга карата Кыргызстанда COVID-19дун 870 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 627;
Ош шаары – 8;
Чүй облусу – 141;
Ош облусу – 12;
Талас облусу – 12;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 21;
Жалал-Абад облусу – 16;
Баткен облусу – 28.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 192 158ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 201. Жалпы — 181 426.
Бир сутка ичинде каза болгондордун саны — 2. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 838.
Стационарда 1 020 жана амбулатордук түрдө 5 383 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү