Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев сурактан чыгышты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Башкы прокуратурага сурак берип чыгышты.

Мадумаровдун сурагы түштөн кийин кайра уланары айтылууда.

Адахан Мадумаров буга чейин 14 жана 17-январда дагы башкы көзөмөл органында сурак берген.

Ал эми Масалиев өз каалоосу менен сурак бергени белгилүү болду.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары сурак берип жатат.

Ал соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты