Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Мадумаров буга чейин 14 жана 17-январда дагы башкы көзөмөл органында суракта болгон.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары сурак берип жатат.

Ал соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты