Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Бекназаров суракка 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча чакырылган. Азырынча Башкы прокуратура бул тууралуу маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров 2010-жылдагы төңкөрүштөн сон түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.

2021-жылы парламенттик шайлоодон кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев июнь окуясы, Дача СУ конушуна учактын кыйрашы, “Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу сыяктуу кылмыш иштери боюнча тергөө уланып жатканын, жакында коомчулукка маалым болорун билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты