Мектептерде эки же андан ашык адамдан коронавирус аныкталса карантинге жабылат

  • 3 года мурун

Кыргызстандын мектептеринде бир адамдан COVID-19 табылса, класс аралыктан окууга өтөт, эки же андан ашык учур катталса, окуу жай толугу менен 14 күнгө карантинге жабылат. Бул тууралуу 14-январдагы онлайн брифингде Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова билдирди.

“Алгоритмге ылайык, билим берүү уюмунда бир адамдан COVID-19 табылса класс жабылат, эки же андан ашык учур катталса окуу жай толугу менен 14 күнгө карантинге жабылат. Окуу процессин бардык санитардык шарттарды сактоо менен жүргүзүү зарыл. Окуу жайларды дезинфекциялоо жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүлүшү кажет. Билим берүү уюмдарында концерттер, чогулуштар, майрамдык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө тыюу салынат”, — деди Касымова.

2020-жылы март айында өлкөдө коронавирус менен алгачкы учур катталганда окуу жайлардын баары аралыктан окууга өткөн. 2021-жылдын сентябрь айынын ортосунда окуу кадимки тартипте башталган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-январдагы маалыматына караганда, вирустан бир адам каза болду. 12-январда Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө вирустун «омикрон» штаммын жуктургандар катталганын жарыялаган. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 586 ​адамдан табылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты