Акыркы суткада коронавирус 586 кишиден аныкталды. Бир бейтап көз жумду
- 3 года мурун
14-январга карата Кыргызстанда COVID-19дун 586 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 435;
Ош шаары – 22;
Чүй облусу – 49;
Ош облусу – 9;
Талас облусу – 11;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 37;
Баткен облусу – 5.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 188 206га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 111. Жалпы — 180 740.
Каза болгондордун саны — 1. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 827.
Стационарда 660 жана амбулатордук түрдө 2 490 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү