Исаева, Сыдыгалиев жана Примов ЖКнын вице-спикери болуп шайланды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 12-январдагы жалпы жыйынында төраганын орун басарлары дайындалды.

Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында вице-спикерлик кызматка «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, «Ишеним» фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов шайланды.

Төраганын орун басарлыгына жалпы төрт талапкер көрсөтүлгөн. Бир мандаттуу депутаттардын «Элдик» тобу сунуштаган талапкер Нурлан Азыгалиев жетиштүү добуш топтой алган жок.

Парламент бүгүн түшкө чейин түзүмүн бекиткен. Ага ылайык, бул чакырылышта сегиз комитет түзүлөт, вице-спикерлердин саны үчкө жетти. Сессияда комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу болду.

Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты