Чакан бизнес үчүн кассалык аппарат киргизүүнүн шарттары кайра каралат

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 12-январда «Дордой» базарында иштеген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Салык кодексинин жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөрдү, анын ичинде контролдук-кассалык машинаны киргизүү талаптарын талкуулашты.

Акылбек Жапаров ишкерлерге Министрлер кабинети тарабынан жаңы салыктар киргизилбегенин, эгер товар жүгүртүү 8 млн сомго жетпесе, ишкер салык төлөөдөн бошотуларын айтты.

«Биз өлкө ичинде жана анын аймагынан тышкаркы товарларды эсепке алуу жана анын кыймылы тутумуна ээ болуу үчүн фискалдаштырууну жана санариптештирүүнү киргизүүдөбүз. Бул биздин жеке каалообуз эмес, бул рыноктун жана замандын талабы. Биз диалогго даярбыз, сиздер үчүн да, биз үчүн да ыңгайлуу алгоритмге келели», — деди ал.

Мындан тышкары ал түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн максаты туура эмес чечмеленип жатканын белгиледи.

«Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз. Эсеп бардык жерде болушу керек, бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга жардам берет».

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлеринен турган жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты. Аталган топ чакан бизнес үчүн контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн шарттарын биргелешип иштеп чыгышат.

Жогорку Кеңеш былтыр жыл аягында жаңы Салык кодексин кабыл алып, президентке кол коюуга жөнөткөн. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы «Дордой», «Дордой Моторс» жана «Таатан» өңдүү базарлардагы соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан. Айрым ишкерлер жаңы “Салык кодекси” мамлекеттин кызыкчылыгында бир тараптуу жазылып калганын айтып, президентти ага кол койбоого, артка кайтарууга чакырышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты