Жогорку Кеңеш сегиз тармактык комитет түзүү, үч вице-спикер шайлоо сунушун колдоду

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында парламенттин түзүмү тууралуу маселе каралды.

Жыйында сегиз тармактык комитет түзүү, вице-спикерлердин санын үчкө жеткирүү тууралуу жумушчу топтун сунушу колдоо тапты. Эми бул маселе парламенттин түштөн кийинки жыйынында каралып, добушка коюлат.

Сессиянын түшкө чейинки бөлүгүндө комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу жаралды.

Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты