Медербек Саккараев мандат алганынын урматына той берди

  • 2 года мурун

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин мандат алышынын урматына той бергени жөнүндө маалымат тарады.

Маалыматка ылайык, иш-чара 8-январда Токмок шаарындагы ресторандардын биринде өткөн. Ага Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев дагы катышкан.

Социалдык тармактарда тараган видеолордон салтанатка Мирбек Атабеков баштаган бир канча эстрада жылдызы келгенин көрүүгө болот.

Саккараев 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоого №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан катышып, жеңишке жеткен.

18-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Медербек Саккараевдин Казакстандын жарандыгы бар экени такталган деген негизде аны талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Саккараев БШКнын чечимин сотко берип, Бишкек административдик соту Боршайкомдун чечимин күчүндө калтырган.

Саккараевдин тарапташы Кайрат Чокеев Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги Миграция кызматына таянып Саккараевдин казак жарандыгы жоктугу боюнча кат жолдогонун билдирген.

28-декабрда Жогорку сот БШКнын жогорудагы чечимин жокко чыгарган. Анын негизинде Саккараев мандат алуу укугуна ээ болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты