Урмат Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды
- 4 недели мурун
Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бүгүн, 20-январда, Урмат Самаев жамаатка тааныштырылды.
2025-жылы 14-январда Жогорку сот Урмат Самаевди кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыяна пайдалануу» беренеси боюнча күнөөсүз деп тапкан.
Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри кезинде, 2023-жылдын 17-апрелинде, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Ал «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында коррупциялык схеманы уюштурууга катышы бар, шаардагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук түйүнүнө мыйзамсыз кошулуп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү экинчисине которулган деп табылган.
Коррупцияга шектелип кармалган Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев 25 млн сом кенемте төлөп, тергөө абагынан бошотулган. Маалыматка ылайык, Самаев тергөө менен күнөөсүн мойнуна алганы тууралуу макулдашууга кол коюп, мамлекеттик бюджетке 25 млн сом кенемте төлөгөн.
Ал Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Мындан тышкары, Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганы маалымдалган.
Урмат Самаев Жогорку Кеңештин депутаты да болгон.
Сүрөттө: Урмат Самаев. kenesh.kg