Акыркы суткада коронавирус 348 адамдан аныкталды. Эки киши көз жумду

  • 3 года мурун

11-январга карата Кыргызстанда COVID-19дун 348 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 244;

Ош шаары – 7;

Чүй облусу – 38;

Ош облусу – 16;

Талас облусу – 7;

Нарын облусу – 2;

Ысык-Көл облусу – 5;

Жалал-Абад облусу – 22;

Баткен облусу – 7.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 186 413кө жетти.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 85. Жалпы — 180 432.

Каза болгондордун саны — 2. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 821.

Стационарда 475, амбулатордук түрдө 1 196 киши дарыланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты