COVID-19 бир суткада 198 адамдан аныкталды. Бир бейтап көз жумду
- 3 года мурун
10-январга карата Кыргызстанда COVID-19дун 198 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 136;
Ош шаары – 13;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу – 29;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 0.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 186 065ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 66. Жалпы — 180 347.
Каза болгондордун саны — 1. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 819.
Стационарда 459, амбулатордук түрдө 952 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү