Элчилик: Москвадагы мушташка байланыштуу 15 кыргыз жараны кармалды

  • 3 года мурун

1-январда Москва шаарынын түштүк-чыгышында мигранттар арасында чыккан калайман мушташ боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 2-январда элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо жана Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Текстильщики райондук бөлүмүнө барышкан.

Элчиликтин юристтеринин көмөгү менен кыргыз жаранына медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жалпы жолунан окуяга тиешеси бар делген 15 кыргыз жараны милиция бөлүмүнө алып келинген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Элчилик кыргыз жарандары кимдер менен мушташканы жана чыр эмнеден чыкканы жөнүндө маалымат берген жок.

Расмий маалымат боюнча Москвада 1 миллион 33 миң мигрант бар, анын 82% иш менен камсыздалган. Алардын негизи бөлүгүн Өзбекстандын (31%), Тажикстандын (26%) жана Кыргызстандын (25,4%) жарандары түзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты