12 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Жайыл районунда 12 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media Чүй облустук милициясынын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 29-декабрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 44 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, күйөөсү К.А.га карата чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, жолдошу К.А. 12 жаштагы өгөй кызы С.Г.ны бир канча жылдан бери зордуктап жүргөн.

Мындан тышкары шектүүнүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганы белгилүү болду. Бирок ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Жайыл РИИБине алынып келинген.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты