Жайыл райондук ИИБ кызматкери ири өлчөмдөгү акча опузалоого шектелүүдө

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигигин (ИИМ) ички чалгындоо кызматы менен бирге Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) кызматкери тарабынан пара талап кылуу фактысын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 13-январда кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган, кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 150 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Жайыл райондук ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Ж.А.Ж. кармалды.

Ал жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренеси менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына  киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты