Уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүнө таандык деп эсептелген ок атуучу курал катылган жер табылды
- 10 месяцев мурун
- Видео
Ири өлчөмдөгү курал-жарактардын катылган жери табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта дарыясынын түштүк аймагында катылган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, анын ичинде 4 даана кыскартылган сайсыз жана 2 газ травматикалык тапанчалары табылган.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, табылган ок атуучу куралдар мурда «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) жакын чөйрөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болгон.
Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылып жатканы айтылды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




