Акбөкөн Таштанбековдун иши сотко өткөрүлдү

  • 2 года мурун

Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү.

Бул тууралуу аталган мекеменин канцеляриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук териштирүүнүн качан башталары азырынча белгисиз.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Акбөкөн Таштанбеков экинчи инстанцияда күнөөлүү деп табылган учурда гана мандатынан ажыратылышы мүмкүн экендигин билдирди. Эгер Таштанбеков күнөөлүү деп табылса, ал шайланып келген Ысык-Ата округунда шайлоо кайрадан өткөрүлөт.

6-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Талапкер ошол эле күнү айыпталуучу катары кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Белгилей кетсек, Акбөкөн Таштанбеков №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо 15, 99% добуш алып, башка атаандаштарынан озуп чыккан.   

14-декабрда БШК Таштанбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты