Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод ачуу пландалууда

  • 2 года мурун

Кыргызстанда келерки жылы тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод ачуу пландалууда. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 2,5 миң гектар айдоо аянты гана сугарылат.

«Сугаруунун мындай ыкмасына суроо-талап жылдан жылга өсүп жатат. Ошондуктан тамчылатып сугаруу жабдыктарын өндүрүүгө мамлекет менен жеке тараптын өнөктөштүгүнүн алкагында инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрүп жатат», — деди министр.

Ал мындан тышкары «Айыл Банк» фермерлерге скважиналарды оңдоп-түзөө жана техника сатып алуу үчүн лизинг берип жатканын белгилеп өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты