Мурдагы айыл чарба министри Чодуев бир мандаттуу округдан шайлоого аттанды

  • 3 года мурун

Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди.

Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, ал №10 Куршаб шайлоо округунан талапкер болууну көздөөдө.

Эркинбек Чодуев 2019-жылдын майынан 2020-жылдын октябрына чейин айыл чарба министри кызматын аркалаган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-октябрь, бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди каттоонун акыркы күнү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты