Жаш ишкер Тилек Токтогазиев өзүн айыл чарба министри кызматына сунуштады

  • 5 лет мурун

Жаш ишкер Тилек Токтогазиев өзүн-өзү Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлик кызматына сунуштады.

Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына билдирди.

Министрлик кызматка өзүн-өзү сунуштоо себебин мындайча түшүндүрдү:

“Биздеги бир канча миңдеген фермерлердей эле мен өзгөрүүлөрдү күтүп жатып чарчап кеттим. Мен кантип реформа жасоону билем.

Айыл чарба министрлигинин башкы максаты—фермердин жакшы жашоосу болуш керек!

Инновациялык технологияны колдонгон бардар фермер продукциянын өзүнө турган наркын азайтып, кошуналарын жумуш менен, элди экологиялык таза продукция менен камсыз кылат.

Тартипти сактоого мезгил жетти! Айыл чарбасын көтөрүүгө мезгил жетти!” деди Тилек Токтогазиев.

Бүгүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев отставкага кетип, аны кызматтан бошотуу сунушун премьер-министр Президентке жиберген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты