​Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри дайындоого Жогорку Кеңеш уруксат берди

  • 4 года мурун

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиевди айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри кылып дайындоого Жогорку Кеңеш уруксат берди.

Талкууда депутаттардын бир тобу Тилек Токтогазиевдин мамлекеттик иште тажрыйбасы жок экенин белгилесе, экинчилери анын жаштардын атынан дайындалып жатканын, анын демилгелүү экенин баса көрсөтүштү.

Бир катар депутаттар мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок экенине карабай, реформа кылам деген демилгелүү жаштарга мүмкүнчүлүк берүү зарыл деген пикирлерин билдиришти.

Талкуу жыйынтыгында парламент Тилек Токтогазиевди айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигине дайындоого макулдугун берип, атайын токтом кабыл алды.

Буга чейин аталган талапкерди Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери колдогон.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты