​Экс-министр азыркы министрдин сөзүн төгүндөдү

  • 3 года мурун

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстандагы 139 үрөнчүлүк чарбадан болгону токсону талаптарга жооп берээрин айтып:


“Мен кызматка келерим менен үрөн чарбалардын ишин мониторинг кылуучу комиссия түзүп, аймактарды кыдырып чыккам. Буга чейин андай комиссиялар министрликтин кызматкерлеринен эле турса, бул жолу жеке сектордон көз карандысыз серепчилер кошулган. Мониторингдин жыйынтыгы менен өлкөдөгү үрөн чарбалардын 40 пайызга жакыны статусунан ажыраган”, — деген.

Аскарбек Жаныбековдун бул айткандары карандай калп экенин, мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жалпыга жар салды.

“Аскарбек мырза, мен сизди сыйлайм. Бирок толугу менен биздин команда кылган ишти өзүңүзгө жаздырып алганыңыз — абдан профессионалдуу эмес болуп калыптыр.

Ал комиссияны жаңылышпасам, атайын буйрук менен мен ноябрда бекиткем. Комиссиянын курамына көз карандысыз, үрөөнчүлүк тармагында кадыр — баркы күчтүү адамдарды атайын кошком.

Алардын айтымында, сизге караштуу жана министрлердин кабинетинин төрагасына, Мариповго караштуу үрөөн чарбалар да аттестациялоодон өтпөй калган. Талаптарга толугу менен жооп бербегенин сүрөткө, видеолорго да жаздырышкан. Ошол боюнча да маалымат берип кетсеңиз.

Ошондой эле ал убакытта асыл-тукум мал чарба статусун алган мал чарбаларды дагы кайра аттестация кылыш үчүн комиссияны түзгөм. Ушул жалган маалыматты жайылтып, элди алдаганыңыз үчүн расмий кечирим сураңыз, жолдош министр!” – дейт Тилек Токтагазиев.

Эске сала кетсек, Тилек Токтогазиев Айыл чарба министри болуп, 2020 – жылдын октябрь окуяларынан кийин Президенттин жана Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен дайындалып, 2021 – жылы февраль айында иштен алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты