​29 жаштагы Тилек Токтогазиев министр болуу үчүн команда түздү

Өзүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кызматына сунуштаган жеке ишкер Тилек Токтогазиев команда түзүп “Айыл чарба министрлигин реформалап, аны мыкты деңгээлге чыгарууга даярбыз” деп билдирди 25-майдагы АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында.

Токтогазиев жети жылдан ашуун убактан бери айыл чарба тармагында эмгектенип келет. Анын командасы Кыргызстанга эл аралык компаниялардын мыкты адистерин алып келип, дыйкандарга айыл чарба жаатында билим берип, технологияларды таркатып жүрөт.

«Талапкерлигимди койгондон кийин элден колдоо аларымды күткөн эмесмин. Азыркы убакта айыл чарбадагы эң негизги көйгөй — дыйкандардын чыгымга учурап калышы.

Баарыбызга белгилүү болгондой, былтыр бир топ дыйкандар картошкасын сата албай калышты.

Бул жылы андай көйгөй болбошу үчүн аракет кылганга даярбыз.

Министрликтин ичинде жакшы реформа, жаңы технология киргизели деп жатабыз. Кызматкерлер ар бир саатты пайдалуу өткөргөнгө көңүл бурабыз.

Эн негизгиси—Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялар дүйнөгө сатылышы үчүн Nestle эл аралык компаниясы менен келишим түзүп, бул жакта заводдорду ачалы деген ойлорубуз бар», — деди ал.

Ошондой эле Тилек Токтогазиев Кыргызстанга каржы инвестициясын тартуу боюнча даярданып жаткандыгын билдирди.

«Биз инвестициялык компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Андан тышкары чет өлкөлүк окуу жайлар менен сүйлөшүп, биздин адистерди чет өлкөгө окутууга жиберүүгө даярбыз.

Реформа жүргүзүүгө бизге күчтүү команда керек. Күчтүү адистерди командама кошконго кадам жасайм.

«Бай дыйкан— бай өлкө» аталыштагы программам бар. Биз жаңыланууну кааласак, жаңы ишти башташыбыз керек. Кыргызстанды Борбордук Азияда жаңы технологиялардын борбору кылганга мүмкүнчүлүк бар» деди Тилек Токтогазиев.

Баса, эки жыл илгери, 2017-жылдын 9-июнунда «ПолитКлиника» медиасы журналист Үсөн Касыбековдун «Тарых кайталанат же мурашевчил жайгарма» аттуу макала жарыялаган. Макаланы ушул шилтемеден окусаңыздар болот.

Анда автор ал кездеги Айыл чарба министри, кечээ жакында отставкага кеткен Нурбек Мурашевдин ишин сындап, дал ушул жаш ишкер Тилек Токтогазиевди мисал тарта далилдер менен баяндап берген.

«Тарых кайталанып», ошол Тилек Токтогазиев кечээ жакында отставкага кеткен Нурбек Мурашевдин ордуна өзүн Айыл чарба министрлигине сунуштап жатат.

Сүрөт: Токтогазиевдин фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты