Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

«Өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү», — деп айтылат маалыматта.

Саммитке Белорусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиеев катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты