Эдил Байсалов: Биздеги Петр I — бул Садыр Жапаров. Биз анын уясындагы балапандарбыз

  • 3 года мурун

«Биздеги Петр I — бул Садыр Жапаров. Биз анын уясындагы балапандарбыз». Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Новые лица» басылмасына берген маегинде билдирди.

Журналист Лейла Саралаева саясатчыдан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин өзүн орус императору Петр I менен салыштырганы боюнча пикирин сураган.

«Садыр Жапаров — менин президентим. Анткени аны менин элим тандаган. Менин мамлекетим ушундай күчтүү лидерге муктаж. Мен динчил адам эмесмин, бирок керек болсо, өлкөмдө элди башкара алчу күчтүү лидер болуусу үчүн дуба кылам. Ошондуктан Садыр Жапаров чыныгы күчтүү лидер деп айткым келет», — деп билдирген Байсалов.

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин өзүнө карата айткан сын-пикирлерине жооп берип жатып, аны саламаттык сактоо тармагында жасап жаткан реформалары үчүн жек көрүшөрүн билдирген.

«Петр I Орусияда реформа жүргүзгөн учурда бардыгы аны жек көрүшкөн. Кийин тарых бардыгын тастыктады. Бир жылдан бери жасап жаткан иштеримдин бардыгы эл үчүн», — деген Бейшеналиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты