«Дордой» базарынын соодагерлери ККМге каршы митингге чыгышты

  • 2 года мурун

“Дордой” базарында иштеген соодагерлер администрациянын алдына контролдук кассалык машиналарды орнотууга каршы митингге чыгышты.

“Бул кодекске азыр ишкерлер даяр эмес, анткени коронавирус болуп, көп чыгымдарга учурадык, ишибиз солгундады. Ушундай маалда ККМди киргизүү туура эмес. Балким кийинчерээк өтсөк болот, бирок азыр эмес. Жаңы кодекске ылайык, текшерүүчүлөр ар бир айда келет экен, бул коррупцияга жол ачат”, — дешти соодагерлер.

Алар менен жолуккан экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ККМди киргизүүнү жылдыруу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылуу жасоо туура болорун, контролдук кассалык машиналарды колдоно электе каршылык көрсөтүү туура эмес экенин айтты.

Расмий маалыматта “Дордой” базарында 40 миңдей соода жайы, 55 миңге жакын жумушчу оруну бар экени айтылып келет.

22-декабрда Бишкек шаарындагы «Таатан» соода борборунун соодагерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгып, контролдук кассалык машинаны (ККМ) колдонууга каршы экенин билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты