Евробиримдик Кыргызстанга 62 млн евро грант түрүндө бөлүп берет

  • 2 года мурун

Европа Биримдиги көп жылдык индикативдик программанын алкагында Кыргызстанга грант түрүндө 62 миллион евро бөлүп берет. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Евробиримдик 2021-2027-жылдарга карата Кыргызстан менен кызматташтыктын көп жылдык индикативдик программасын кабыл алган. Аталган программанын алкагында, Биримдик эки тараптуу өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн алгачкы төрт жылга 62 миллион евро грант түрүндө бөлөт. Бул каражат башкаруу жана санариптештирүү, инсандык өнүгүү, жашыл жана климаттык жаткан туруктуу экономика тармактарындагы жалпы кызыкчылыктарды алга жылдырууга жумшалат.

Бюджеттик колдоо аталган программаны ишке ашыруунун артыкчылыктуу жолу болуп саналат. 2025-2027-жылдарга карата каражат бөлүнүп-бөлүнбөсү 2024-жылга чейин аткарылган иштердин натыйжасынын негизинде аныкталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты