Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы куттуктады

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздердин ишмердик — мамлекеттик жана коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгү. Мыйзамдуулук жана коопсуздукту сактоо менен өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга зор салым кошуп келесиздер. Дүйнө жүзү боюнча технологиянын тездеп өнүгүшүнүн  пайдасы менен бирге коркунучтары да түйшүк жаратып жаткан убакта сиздердин күч-аракеттер баа жеткис», — деп билдирди ал куттуктоо сөзүндө.

Президент улуттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу менен экономиканы алга жылдыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө болорун белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты