Жапаров Жапониянын премьер-министри Кисидага өрттүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Жапониянын премьер-министри Фумио Кисидага Осака шаарындагы медициналык мекемеде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Жапониянын Осака шаарындагы медициналык мекемеде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул кырсыктын кесепетинен курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бирге, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

17-декабрдын таңында Осака шаарынын борборунда жайгашкан 8 кабаттуу имараттын 4-кабатында өрт чыккан. Кырсык болгон жерде терапевттик жана психологиялык жардам көрсөтүүчү клиника жайгашкан. Акыркы маалыматтар боюнча, өрттөн каза болгондордун саны 24кө жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты