Нарындын Дѳбѳлү айылында 50 орундуу бала бакча ачылды 

  • 2 года мурун

Нарын облусундагы Нарын районунун Дѳбѳлү айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча Кыргызстандын Министрлер кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылган Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында курулган.

Бала бакчанын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев, агенттиктин аймактык өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Дөбөлү айылында 210 жеткинчек бала бакчага баруу үчүн каттоодо турган. Бирок анын ичинен 75и гана иштеп жаткан бала бакчага барган. Мындан улам бала бакча куруу муктаждыгы курч болчу.

Жаңы курулган бала бакчада оюн аянтчасы, кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштери каралган.

Объекттин жалпы наркы 18 миллион 358 миң 590 сом. Анын ичинен донор бөлгөн каражат — 17 миллион 706 миң 915 сом. Ал эми жергиликтүү коомчулуктун ѳздүк салымы 651 миң 675 сомду түзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты