Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү ээлик кылган бала бакча жана спорт залы мамлекетке кайтарылды
- 1 месяц мурун
Чүй облусунун Жайыл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана спорт зал мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттки комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, «2017-жылы Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран, кылмыш жолу аркылуу аталган кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Тактап айтканда, коркутуп-үркүтүү, шантаж жана таасир этүү жолу менен Сосновка айылындагы мурда мамлекеттик менчикте турган бала бакчаны жана спорт залды алып, атасы С.К.Ж.нын жана агасы С.А.К.нын атына каттатып алган».
Мүлк ээлери аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алышып, аларды өз ыктыяры менен Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы