Бишкектеги мурдагы бала бакчанын эки кабат имараты мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарындагы К.Тыныстанов көчөсүнүн 193а дарегиндеги, «Ак-Кеме» бала бакчасынын жанында жайгашкан аянты 314 чарчы метр мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты мамлекеттик менчиктен  мыйзамсыз чыгарылган фактылары аныкталган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, 1995-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын мурдагы кызматкери ошол кездеги нормаларды жана жоболорду бузуу менен,  мурда Бишкек шаарындагы мамлекеттик бала бакчанын ашканасы жана кир жуучу жайы болгон бул социалдык багыттагы мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган.  

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган объекттин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен кафе катары пайдаланган эки кабаттуу имаратты жанаша жаткан жер тилкеси менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүүнү билдирген.

Аталган эки кабаттуу имарат мындан ары максаттуу пайдалануу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын  балансына өткөрүлүп берилгени белгиленди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты