Садыр Жапаров ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы биргелешкен ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелерин, евразиялык мейкиндиктеги интеграцияны кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Кыргызстан Биримдиктин органдарында төрагалык кылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты