Сургутта газ баллон жарылып, үч кыргызстандык жабыркады

  • 2 года мурун

Орусиянын Сургут шаарында техникалык тейлөө станциясында газ баллон жарылып, андан Кыргызстандын 3 жараны жабыркады. Бул туралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарылуу 5-декабрда саат 18:00 чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен 10 адам жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандардын үчөө Кыргызстандын жараны экени айтылууда. Жараат алгандардын бардыгы Сургут күйүк борборуна жаткырылды. Бейтаптардын абалы орто деп бааланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуу болгон жайда автоунаага газ жабдыктары орнотулуп, тейленген. Газ баллонунун басымы түшүп кеткендиктен, жарылуу болуп, анын кесепетинен имараттын чатыры кулап түшкөн.

Орусиянын тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан процессуалдык текшерүү жүргүзүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты