Сапар Исаковдун ордуна Мухаммедкалый Абулгазиев келеби?

Сапар Исаковдун ордуна Мухаммедкалый Абулгазиев келеби?
Премьер-министр Сапар Исаков отставкага кетирилгенден кийин ордуна ким келет деген суроо турат.
Эмки премьер-министр Президент Сооронбай Жээнбековдун көздөй кишиси болушу керек жана түндүк-түштүк тандемине да туура келиш керек.
Биздин ишенимдүү булактарыбыздын айтуусунда, мындай адам бар. Ал президенттик аппараттын башчысы—Мухаммедкалый Абулгазиев. Фарид Ниязов аппарат башчылыгынан кеткенден кийин аны президент аппарат жетекчиси кылып дайындаган.
Сооронбай Жээнбековдун көздөй кишиси. Жээнбеков премьер министр кезинде биринчи вице-премьер болуп иштеген. Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлиги эки тең жээкти тең канааттандырат. Сапар Исаковдун түпкү кичи Мекени Кочкор жергеси.
Мухаммедкалый Абулгазиев 1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. 1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.
Анын буга чейин мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы бар, башка мамлекеттик органдар менен алака түзө алат, биринчи вице-премьерлик кызматта Сооронбай Жээнбеков премьер кезинде да иштеп келген.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты