УКМК: Талас ОИИБ тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

  • 2 года мурун

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Талас ОИИБинин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү А.Д.Д.нын С.Б. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, А.Д.Д. 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты