Садыр Жапаров: Коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасын тийгизип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү экенин айткан.

«Биз өлкөдөгү жемкордукту жоюу саясатына зор маани берип, сөзсүз ишибиздин өтөөсүнө чыгабыз. Өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасын тийгизип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү! Биздин бул жааттагы иш-аракеттерибиз элибиздин жашоо-турмушунун сапатын көтөрүүгө, мамлекеттик аппараттын ишин жакшыртууга, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу сарптоого багытталат».

Кайрылууда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин алдына коюлган тапшырманын негизинде жаңы программалык документ иштелип жатканы айтылат.

«Колдонуудагы мыйзамдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралары менен аракеттенүү тартиби толук жөнгө салынбай, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленген эмес. Ошондуктан жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөшүбүз натыйжа бербей жатат».

Мындан тышкары президент Башкы прокуратура «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө“ мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын алганын кошумчалаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты