Түштүк-Сахалинде добуш берүү аяктады. «Бүтүн Кыргызстан» алдыда

  • 3 года мурун

Орусиянын Түштүк-Сахалин шаарындагы №9013 шайлоо округунда добуш берүү аяктады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, аталган шайлоо округунан 203 адам добуш берди жана мыйзам, эреже-талап бузуу фактылары катталган жок.

Мунун алдында социалдык тармактарда Сахалиндеги добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы тууралуу маалымат чыккан. Анда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 76, «Ишеним» 32, «Ыйман Нуру» 16, «Ынтымак» 16, ал эми «Альянс» 11 добуш алды.

Түштүк-Сахалинде добуш берүү аяктады. "Бүтүн Кыргызстан" алдыда

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдарда 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты