ИИМ: Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды

  • 2 года мурун

Президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Милициядан билдиришкендей, ИИМдин Тергөө кызматы Садыркуловдун өлүмү боюнча ачылган кылмыш ишин иликтеп жатат. Анын алкагында, 26-ноябрда аталган кылмыш ишине шектүү катары Санжар Сапарбеков аттуу жаран кармалган.

Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык, шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

27-ноябрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту Сапарбековдун бөгөт чарасын карап, 2022-жылдын 26-январына чейин №1 тергөө абагында камакта кармоо чечимин чыгарды.

Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кайра иш козголуп, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен иниси Жаныш Бакиевге «бул иштин башында турган, буйрук берген» деген айып коюлган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты