Маматов: Автоматтык эсептөө урналарынын бузулушу аппаратты туура эмес колдонуудан улам келип чыгууда

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Кайрат Маматов автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын бузулушу боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, мындай жагдайлар аппараттарды туура эмес колдонуудан улам келип чыгат.

“Урналардын бузулуусун алдын алуу максатында ар бир шайлоо округуна тейлөө боюнча техникалык адистер бекитилген. Азыркы учурда эсептөө урналарындагы көйгөйлөр жөнгө салынды”.

Маматов мындай фактылар мурдагы шайлоолордо дагы катталып келгенин кошумчалады.

Бүгүн парламенттик шайлоо башталгандан көп өтпөй айрым добушканаларда, анын ичинде президент Садыр Жапаров добуш берген шайлоо тилкесинде дагы бюллетень салчу электрондук урналар бир саамга иштебей калганы байкалган эле.

Сүрөт: ПолитКлиника/Элиза Муратбек кызы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты