Нур-Султанда Кыргызстандын элчилигиндеги шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

  • 2 года мурун

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында жайгашкан №9028 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо тилкесинде биринчилерден болуп Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Д. Дюшекеев жана элчиликтин башка кызматкерлери добуш беришти.

Учурда уланып жаткан COVID-19 пандемиясына байланыштуу добуш берүү бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөрүлүүдө.

Шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

Чет өлкөлөрдө жашаган 84 128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусия аймагында жайгашкан. Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты